ЖКда газ, свет маселеси боюнча өкмөт башчы менен "Кыргызгаздын" жетекчисин парламент жыйынына чакыруу сунушталууда

ЖКнын 19-декабрдагы пленардык жыйынында депутаттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди парламенттик жыйынга чакыруу сунушу айтылды. Мындай демилгени депутат Сайдулла Нышанов көтөрүп чыгып, "өкмөт башчы азыркы кырдаал боюнча элге жооп берсин. Жантөрө Сатыбалдиев газ, свет маселесин чечүүнүн ордуна 100 күндүк программасын тааныштырууда. Жыйынга келип, ары же бери деген бир жообун айтсын" деди. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев "мэрди да чакыруу керек. Азыр шаар көчөлөрүнө туз чачып жатат, бирок жолдогу карды тазалаган унаалар жок, жолдор өңгүл-дөңгүл болуп ыңгайсыз болуп жатат" деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан