"Премьер-министр кыштын күтүлбөстөн келип калды дегени туура эмес". Мындай пикирди бүгүн, 19-декабрда депутат Дастан Бекешев ЖКнын кезектеги пленардык жыйынында айтты. "Премьер-министрдин кыштын күтүлбөстөн келип калды дегени туура эмес. Ар кандай оор кырдаалга даяр болушубуз керек эле", - деди Дастан Бекешев. Эске салсак, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн 100 күндүк иши тууралуу отчёт берип жатып кыш күтүүсүздөн келип, өкмөт кышка толук кам көрө албай калгандыгын айткан.