Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “кылмышка шектүүлөрдүн биринин тууганы Токтогул шаарынын чыга бериш жерине хиджабдарды алып барышы керек эле” деп билдирди.
Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр ошол хиджабдарды кийип жашынууну пландашкан. Алар отурган Хонда Одиссейдин айдоочусу кийимдерди алыш үчүн Заур Магомедовдун тууганы менен жолугууга кеткен. Ошол учурда күч органдары багынуу талабын коюшканда, алар каршылык көрсөтүп, аткылап башташкан. Эки тараптуу атышуунун натыйжасында кылмышка шектүүлөр каза табышты.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.