Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу У.Т. "кылмышка шектүүлөргө жардам берди" деп суракка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн. Алар Хонда Одиссей унаасынын ичинде болушкан.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. Кечээ алар айдап кеткен унаа Токтогулдан табылган.