Анвар Артыков: "Өкмөт башчы "кыш күтүүсүз келип калды" деп айтты, декабрда кыш келбегенде жаз келмек беле?"
"Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "кыш күтүүсүз келип калды" деп айтты. Декабрь айында кыш келбегенде жаз келмек беле?". Мындай пикирди ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Анвар Артыков айтып чыкты. Анын айтымында, азыр сууктан адамдар каза болуп жатат. Бирок аны ойлогон адам жок. "Өкмөттү эртең же бүгүн түштөн кийин дебей, азыркыга, ЖКнын жыйынына чакырып, жообун угуш керек" деди депутат. Артыковдун сөзүн депутат Бөдөш Мамырова колдоп, "Бакиев убагында "тезек тергиле" деп "алдын ала отунуңарды камдап алгыла" деген тура. Азыр эл араң гана чыдап отурат" деди эл өкүлү.