"Газ, свет боюнча өкмөт күнөөлүү эмес, ушул өкмөттү шайлаган коалициялык көпчүлүк күнөөлүү" дейт Дастан Жумабеков
ЖКнын бүгүнкү, 19-декабрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков газ, свет өчүрүүлөр боюнча күнөөсү бар адамдарды жоопко тартуу сунушун айтты. "Бүгүн биз маанисиз мыйзамдарга өзгөртүү киргизип отургандан көрө өкмөт башчыны чакырып алып, азыркы көйгөйдү чечүүнүн жолун издейли. Премьер-министр "кышында жарык өчпөйт" деген, ошол сөздөрүн стенограмманы көтөрүп өзүнө көрсөтөлү. Башкы прокурорду да чакырып, азыркы абалга алып келген ишине шалаакы мамиле жасаган жетекчилерди жоопко тартуу жагын караш керек" деди Исаков. Депутат Дастан Жумабеков "азыркы өкмөт күнөөлүү эмес, ушул өкмөттү шайлаган коалициялык көпчүлүк күнөөлүү" деди.