Тоолуу аймактарда 20-декабрга чейин аба ырайындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу кар көчкүсү түшүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМ төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин белгиледи:
1.Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымдар)
2.Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдар)
3.Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 жана 145-150-чакырымдар)
4.Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдар).
Кошумчалай кетсек, кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу ӨКМ унаалардын айдоочуларынан жолдон 500 метр аралыкты сактоону эскертет.