Парламентте азыркы өкмөттү шайлаган көпчүлүк коалицияны элден кечирим суратуу сунушу айтылууда
ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев "учурдагы энергетикадагы көйгөйлөр боюнча азыркы өкмөттү түзгөн парламенттеги көпчүлүк коалиция күнөөлүү, элден кечирим сураш керек" деди. Муну депутат Мыктыбек Абдылдаев "көпчүлүк коалиция чындап эле элден кечирим сураш керек" деген сунушту көтөрүп чыгып, бир катар депутаттар бул демилгени колдоого алышты. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев "азыркы өкмөттү шайлаганда 111 депутат "макул" деп добуш берген. Андыктан ошол добуш берген депутаттар баарыбыз кечирим сурайлы" деди. Буга жооп кылып Мыктыбек Абдылдаев "Биз, "Ата Журт" фракциясынын депутаттары, азыркы өкмөттү шайлоого добуш бергенибиз үчүн элден кечирим сурайбыз. Мындан ары биздин фракция мындай катачылыктарга жол бербейт" деди.