Бөдөш Мамырова: "Жантөрө Сатыбалдиев "ишенимди актай албадым" деп кызматтан кетиши керек"

"Парламенттеги шоу токтомоюнча элдин жашоосу эч качан оңолбойт". Мындай пикирди депутат Жусупали Исаев билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги ынтымак бекемделмейинче башка көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. "Парламенттеги 111 депутат азыркы өкмөттү шайлап, эми өкмөт бир аз туура эмес иш жасап жатса, парламенттик көпчүлүк же парламенттик азчылык күнөөлүү деп жатабыз. Өзүбүздүн ичибиздеги шоуну токтотолу" деди эл өкүлү. Ал эми депутат Бөдөш Мамырова "өкмөт башчы "3 айда өз ишимдин жыйынтыгын көрсөтөм" деген. Жантөрө Сатыбалдиев келип, "сиздердин ишенимиңиздерди актай албай калдым" деп иштен кетсе неге болбосун? Ушундай маданиятты калыптандырышыбыз керек" деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан