"3 күндүн ичинде бишкектиктер толук газ менен камсыз болушат". Бул тууралуу Бишкек шаардык газ башкармалыгынын башчысы Таалайбек Далбаев билдирди. "Бүгүн, 19-декабрда 11:00дөн баштап газ шаар тургундарына бериле баштайт. Бирок газды өчүрүш оңой, ал эми жеткириш кыйын. Андыктан 3 күндүн ичинде тургундар толук газ менен камсыз болушат" деди Таалайбек Далбаев. Эскерте кетсек, кечээ, 18-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьери Серик Ахметов менен газ маселесин сүйлөшкөн соң казакстандык "КазТрансГаз" АКсы Кыргызстанга бүгүнтөн баштап жетиштүү көлөмдө газ берерин маалымдашкан.