Өмүрбек Текебаев: "Энергетикадагы кырдаалга күнөөлүүлөр кызматтан алынып гана калбастан, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек"

Депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы энергетикадагы көйгөйлөргө алып келген жетекчилерди кызматтан алып гана койбостон, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. "Өзбекстан менен Орусиядан үлгү алып, күнөөлүү жетекчилерди моралдык жактан гана эмес, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Антпесе азыркы жетекчилер коркушпайт" деди депутат. Депутаттын айтымында, Кыргызстандын өзүнүн газ запастары болушу керек. Коңшу өлкөлөр каалаган учурда "мүнөзүн" көрсөтүп коюшу мүмкүн. Өлкөдөгү форс-мажордук кырдаалдарда ошол запастарды пайдалануу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан