Алтынбек Сулайманов "азыркы өкмөттү алмаштырса эле жарык күйүп, кар токтоп калбайт" деди
"Азыркы өкмөттү таратып жибергенде эле кар токтоп, свет күйүп калбайт". Бул пикирди ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, энергетикадагы азыркы кризиске депутаттар күнөөлүү. "Мурунку өкмөттү шашылып депутаттар каникулда жүргөндө таратып жибердиңер. Ал өкмөттүн отчётун угуп, анан кетирсе болот болчу. Ошонун кесепети азыр тийип жатат. Ар бир 3 ай сайын өкмөттү алмаштыра бергенден жыйынтык чыкпайт" деди Сулайманов.