"Парламент - элден кечирим сурай турган эмес, күнөөлүүлөрдү кечирим сурата турган орган" дейт Өмүрбек Текебаев

 "Парламент - элден кечирим сурай турган эмес, күнөөлүүлөрдү кечирим сурата турган орган". Бул пикирди депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 19-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал мындай сөздү айрым депутаттардын "парламенттик көпчүлүк элден кечирим сурасын" деген талабына жооп катары айтты. "Биз кечирим суроо мындай турсун, энергетикадагы азыркы абалга күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деп жатабыз. Анан кайра-кайра эле коалициялык көпчүлүк күнөөлүү дей берген туура эмес. Эмне, былтыркы кышта свет өчпөдү беле? Былтыр да азыркыдай кырдаал болуп, эл нааразычылыкка чыгышкан. Анда кечирим суроону былтыркы өкмөттөн баштайлы" деди депутат. Белгилей кетсек, ЖКнын бүгүнкү жыйынына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Башкы прокурор Аида Салянова, "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев чакырылды, алардын саат 11:15те келиши күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан