Депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыга турганын айтты
ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыга турганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн парламент жыйынына келип жооп бериши менен маселе чечилбейт. "Мен фракция жыйынында Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү ишти алып кете албай турганын айткам. Коалиция жетекчисине элден кечирим суроону айтсам, ал менин кечирим суроомду айтты. Эгер ушундай боло берсе, анда мен коалициялык көпчүлүктүн курамынан чыгам" деди депутат.