Жантөрө Сатыбалдиев: "Кыштын жыйынтыгы менен тиешелүү жетекчилер сөзсүз жоопкерчиликке тартылышат"
"Мен өкмөттүн жасаган иштерине керт башым менен жооп берем". Бул пикирди Ж.Сатыбалдиев ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында энергетика тармагындагы көйгөйлөрүн талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтымында, энергетиканын азыркы абалына тийиштүү жетекчилер сөзсүз жоопкерчиликке тартылышат. "Мен бул кызматка дайындалып жатканда кайсы жакка бара жатканымды билгем. Ал эми азыр энергетика тармагындагы жетекчилерди алмаштырып койсо эле баары өз ордуна келип калбайт. Кыштын жыйынтыгы менен тиешелүү жетекчилер сөзсүз жоопкерчиликке тартылышат" деди премьер-министр.