Бишкектин көчөлөрүндөгү жарыктарды өчүрүүгө буйрук берилгенин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди

ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутаттар шаардагы үйлөрдө жарык жок, бирок көчөлөрдүн жарыктары күйүп турганын сынга алышты. Жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "кечинде бул маселе боюнча буйрук берилди, мындан ары көчөлөрдөгү жарыктар күйгүзүлбөйт" деп жооп берди. Ал эми депутаттардын "азыркы энергетикалык кризиске ким күнөөлүү?" деген суроосуна премьер-министр "биз газ берүүчү тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөнүбүздө алар газ боюнча чектөө болбой турганын айтышкан. Аларга ишенгенбиз, ушул жактан алып караганда бизден катачылык кетти окшойт" деген жооп узатты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан