Талас. Сарык оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө

Талас облусу боюнча 2012-жылдын 11-айында сарык менен ооруп жаткандардын саны 1,5 эсе көбөйдү. Бул күнгө чейин 642 сарык оорусу катталган. Ал эми салыштырмалуу 2011-жылы 427 оорулуу катталган. Азыр Талас шаарынын тургундары сарык оорусунан коркуп, балдарын бала бакчага жибербей жатышат. Адистердин айтымына таянсак, жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн 14 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн саны 90%ды түзөт, сарык оорусунун өсүүсү сентябрь айларында башталган, ноябрь айында күчөгөн. Оорунун келип чыгуу себептерин дарыгерлер таза эмес суудан жана өздүк гигиенаны сактабагандыктан болуп жаткандыгын айтышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан