Жергиликтүү кеңешке ат салышкан талапкерлердин 86%ын эркектер түзөт. Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле БШКнын төрагасы жергиликтүү кеңешке талапкерлердин көпчүлүгүн жаштар түзгөнүн белгиледи. “Бул жылы 25 шаарга жана 415 айылга 20 миңден ашык адам талапкерлигин көрсөттү. Бул 2004-жылга карата 2 эсе көп” деп кошумчалады Туйгунаалы Абдраимов.