Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Батукаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Кечээ, 17-февралда Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Батукаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын башкармалыгы, ИИМдин атайын кызматы жана Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Азиз Батукаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, эл аралык издөөдө жүргөн 29 жаштагы Мирлан Макаилов кармалды. 

Ал Кыргызстанга Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өтүп Орусиядан келгени жана “мыйзамдагы ууру” кримчөйрөдө “Карышкыр” деген каймана атка ээ Мурсалым Умырзаковдун жакын адамы экени аныкталды.

Мирлан Макаилов Сузак районунда туулган. Аны Жалал-Абад ОИИБи “ден соолукка атайын зыян келтирүү” беренеси боюнча айыптап, издөө салган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кармалган Мирлан Макаиловдун жетекчиси "Карышкыр" 2013-жылдын 15-ноябрь күнү Орусиядан Бишкекке алынып келинген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uran001
2014-02-18 17:50:28
Батукавдин адамдары оздору келип жатат.Алар бул жактагы козомолду колго алыш керек да,анан кармадык деп жар саласынар.
0
mekenchil_jigit
2014-02-18 18:26:18
Бул адамды да сыйлап чыгарып жибере берсин. Батукаевдин алдында ким болуп калыптыр? Баары бир эч кандай чара көрө алышпайт!
0
kyrgyzstan13
2014-02-18 19:49:26
Батукаев м/н Карышкырдын алдында биздин чондор "тvлкv" болуп калышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан