Кримчөйрөнүн өкүлү, “Карышкыр” деген каймана атка ээ Мурсалым Умырзаков 15-ноябрь күнү Орусиядан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Мурсалым Умырзаков Москва облусундагы кылмыштуу топтун бирин башкарып келген. Ушул жылдын август айынан бери “мыйзамдагы ууру” статусун алып жүрөт. Учурда УКМКнын тергөө абагында.
Айта кетсек М.Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган.