Депутаттар газ маселесин чечүү үчүн Өзбекстандын премьер-министрин Кыргызстанга конокко чакыруу сунушун айтышты

"Өзбекстан газды Казакстанга 40 доллардан, ал эми Кыргызстанга 290 доллардан сатып жатат". Бул маалыматты ЖКнын жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Депутат газ маселесин чечүүнүн жолдору боюнча эки өлкөнүн жетекчилиги тарабынан олуттуу сүйлөшүүлөр болбой жатканын белгилеп, өкмөт башчыга өз сунушун айтты. "Жантөрө мырза, жайында Өзбекстандын премьер-министрин же "УзТрансГаз" ишканасынын жетекчисин Кыргызстанга чакырып коноктоп, сүйлөшсөңүз. Балким, бул маселе стол үстүндө чечилип калгысы бардыр" деди Шайназаров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан