Жергиликтүү кеңешке шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 28 сот процесси болуп өттү

“25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча 28 сот процесси болуп өттү”. Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.  “Ушул тапта шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу 28 сот процесси аягына чыкты. Прокуратурага дагы айрым документтер жиберилип, алар карап жатышат” деди Туйгунаалы Абдраимов. Ошондой эле БШКнын төрагасы республика боюнча 19 шайлоо участкасында добуштар жараксыз деп табылып, 61 участкада добуштар кайрадан саналып чыкканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан