Оштун мэри Мелис Мырзакматов акыр заман тууралуу соодагерлерди айыптады

19-декабрда Ош шаардык мэриясында мэр Мелис Мырзакматовдун катышуусунда кеңешме болуп, анда "21-декабрда акыр заман болот" деген маалыматтар тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын мэри "акыр заман болот" деген маалыматтар тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирди: "Кыргызстанда биринчи муктаждыктагы товар сатуучулар көп пайда табуу максатында ар кандай акыр заман тууралуу маалыматты таратып жатышат. Буга байланыштуу атайын кызматтар аркылуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл" дейт мэр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан