Ош шаарында "Ак буура" жаңы көмөк чордону ишке берилди
Ош шаарында "Ак буура" жаңы көмөк чордону ишке кирди. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасы маалымдайт. Белгилүү болгондой, 2012-жылдын март айында курулушу башталган көмөк чордондун ачылышы 20-декабрда шаардагы Достук кичи районунда болуп өттү. "Ак буура" көмөк чордону шаардагы "Достук", "Ак-Тилек", "Туран" жана "Алымбек датка" кичи райондоруна электр энергия берип турмакчы.