Учурда 10 жогорку мамлекеттик кызматкер түрдүү кылмыш иштерине байланыштуу УКМКнын СИЗОсунун камагында отурат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда мамлекеттик органдардын жарандар менен иштөөсүнө арналган тегерек столдо КРнын Коррупцияга каршы күрөшүү кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди. Тегерек столдо мамлекеттик органдарга элдин ишеними төмөндөгөнү айтылды. КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Ализа Солтонбекова: "Элдин өзгөчө фискалдык жана укук коргоо органдарына ишеними төмөн. Аталган кызматтарга карата нааразычылык арыздар көбүнчө Бишкек жана Ош шаарларынан, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келип түшкөн",- деп билдирди.