Тажикстандан келген депутаттык делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен жолугушат

3 күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келген Тажикстандын депутаттык делегациясы бүгүн, 21-декабрда Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчилиги менен жолугушат. Бул сүйлөшүүдө эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтык жана достук мамилелерин бекемдөө тууралуу сөз болот. Мындан сырткары КРнын Президентинин этникалык маселелер боюнча кеңешчиси Эмилбек Каптагаев, Тажикстандын КРдагы элчиси Олим Рахимов да жолугушууга катышат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан