"Газпром" "Кыргызгаздын" 100% акциясын сатып алат. Бул тууралу "Кыргызгаз" ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди. "Москва шаарында "Газпромдун" өкүлдөрү менен сүйлөштүк. 2013-жылдын 1-апрелине чейин "Газпромдун" "Кыргызгазды" менчиктештирүү маселеси чечилет. Ошондо газдын баасы Казакстан жана Өзбекстандан сатып алып жаткан газдан арзан болот" деди Тургунбек Кулмурзаев. Кошумчалай кетсек, буга чейин "Газпром" "Кыргызгаздын" 75% акциясын сатып алуу тууралуу ниетин билдирген. Азырынча "Газпром" буул маалыматты төгүндөй да, ырастай да элек.