Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарынын энергетиктерин 22-декабрь - Энергетиктердин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты. Бүгүн, 21-декабрда атайын майрамдык иш-чара уюштурулуп, ал жерден 23 энергетик мактоо грамоталары менен сыйланышса, 20 энергетик курорттордо эс алуу үчүн жолдомо алышты. "Эгер свет өчүп калса, элдин баары сиздерди гана күнөөлөшөт. Бирок мен ойлойм, эл силердин быйылкы кылган ишиңерди баалап, ыраазычылыгын билдирет" - деди Мелис Мырзакматов куттуктап жатып.