Жогорку Соттун судьялыгына ат салышкан 4 талапкер парламенттин кароосуна жиберилди

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн 4 талапкерди парламенттин кароосуна жиберди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Белгилей кетсек, Сотторду тандоо кеңеши өткөргөн сынактын 3-турунда Жогорку Соттун судьялык кызматына татыктуу деп 27 талапкердин ичинен 8и өткөн. Алардын ичинен өлкө башчы 4 талапкерди тандап алган. Алар: Анархан Базаралиев, Болотбек Батыралиев, Памирдин Жумагулов жана Айнаш Токбаева. Жогорку Соттун судьялык кызматына учурда 9 бош орун бар. Парламент жогоруда аталган 4 талапкерди бекитип берсе, 5 бош орун калмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан