Кыргыз-тажик дипломаттары эки өлкөнүн кызматташтыгынын 20 жылдыгын белгилөө тууралуу сүйлөшүү жүргүздү

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында КРнын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев аталган өлкөнүн Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Махмуджан Сабиров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик дипломатиялык кызматташтыгынын 20 жылдыгын белгилөө, ага байланыштуу саясий, маалыматтык, маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу тууралуу сөз болду. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы баскычтарга көтөрүлүп жатканы тууралуу пикирлер айтылды. Айта кетсек, аталган иш-чара 2013-жылдын 14-январында Бишкекте өтөрү белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан