Мамлекеттик символдорду өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия гимндин текстин өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, комиссия ЖКнын пленардык жыйынына символдорду өзгөртүү боюнча долбоор даярдады. "Белгилүү болгондой, гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” деген сөз, үчүнчү куплетиндеги “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сап көпчүлүк жарандарга жакпайт. Ошондуктан мамлекеттик символдорду өзгөртүү максатында түзүлгөн депутаттык комиссия бир нече варианттагы гимндин текстин даярдаган. Мындан сырткары мамлекеттик тууну өзгөртүүгө 45 эскиз сунушталат",- деп билдирди Абдырахман Маматалиев. Айта кетсек, аталган комиссия 2012-жылдын март айында түзүлүп, ага ар бир фракциядан үч депутат, жарандык коомдун өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер кирген.