Ошто орнотулган бийиктиги 23 метрлик жаңы жылдык балаты мэр Мелис Мырзакматовдун буйругу менен дагы 2,5 метрге узартылат. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ошентип, Ош шаарындагы балаты Кыргызстандагы эң бийик жаңы жылдык балаты болмокчу. Мындан сырткары шаардын борбордук аянтында таңкы саат 6:00дөн кечки 23:00гө чейин классикалык жана улуттук колориттеги музыка жаңырып турарын кошумчалашты мэриядан.