Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери тоноочулукка айыпталууда

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери дүкөн тоноого аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 22-декабрда түн ортосунда Кулиев көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө азиат улутундагы эркек киши кирген. Ал мас абалында болгон жана дүкөндүн сатуучусуна бычак кезеген. Сатуучу аялды коркутуп, баштыкка азык-түлүк салып берүүсүн талап кылган. Түшүп кеткен баш кийимин алууга ийилген учурда сатуучу сыртка чыга качып, эшикти бекитип салган. Кайрылуудан улам жетип келген милиция кызматкерлери тоноочуну кармап, анын 27 жаштагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери экендиги аныкталды. Учурда бул иш боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан