Талас. Талас облусунун аймагында "Жаңылыктар банкы" түзүлөт

 Талас облусунун аймагындагы ар бир айылдарда, айыл округдарында, райондордо жана Талас шаарында, райондук, облустук мекеме, ишкана, уюмдарда болуп жаткан ар түрдүү маанайдагы жаңылыктарды, кабарларды, жетишкендиктерди жана кемчиликтерди ыкчам билип, ал боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана жаңылыктарды облустук, республикалык маалымат, басма сөз каражаттарына ыкчам таркатуу үчүн “Жаңылыктар банкын” түзүү талапка ылайык деп табылды",- деп билдирет КРнын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы М.Суранчиев. “Жаңылыктар банкын” түзүүгө облустун чегиндеги бардык айыл округ башчылары, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, Талас шаардык мэриясы түздөн-түз көмөк көрсөтүүлөрү милдеттендирилет. Ага ылайык, 2013-жылдын 1-январынан тартып бардык айыл округдарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана Талас шаардык мэриясында “Жаңылыктар банкы” түзүлүүсү күтүлүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан