ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу бөлүмүндө аскерлер ант беришти
Бүгүн, 22-декабрь күнү саат 10:00дө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу бөлүмүндө аскердик ант берүү аземи болду. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Курбек Сыдыгалиев катышып, аскерлерге куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле жоокерлердин ата-энелери да сөз сүйлөдү. Мындан сырткары ата-энелер жоокерлер жашай турган жатаканасы, ашканасы менен таанышып чыгышты.