Жаштарды аскерге чейин даярдоо маселесин талкуулаган тегерек стол өтөт

24-декабрь күнү саат 11:00дө Бишкектеги "Семетей" мейманканасында жаштарды аскерге чейин даярдоо темасына арналган тегерек стол болот. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлиги билдирди. Иш-чарага бир катар министрликтердин, мекеме жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Тегерек столдун алкагында катышуучуларга өкмөттүн "Жаштарды аскерге чейин даярдоо маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору тааныштырылмакчы. Мындан сырткары бул жааттагы КРнын Коргоо министрлигинин жасап жаткан иштери тууралуу доклад да окулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан