Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча демократиялуу өлкөлөрдүн ичинен 86-орунду ээледи. Быйыл 104 өлкөнүн ичинен 1-орунду Норвегия камсыздады. Мындан тышкары алгачкы ондукка Швеция, Финляндия, Швейцария, Дания, Голландия, Жаңы зеландия, Германия, Ирландия жана Австрия кирген. АКШ тизмеде 15-орунга илинди. Иликтөөдө саясий укук, жарандык эркиндиктер, басылмалардын эркиндиги, паракорчулук, саясий туруктуулук жана эркектер менен аялдардын коомдогу теңдиги сыяктуу жагдайлар эске алынган. Рейтингди арткы саптарынан Бахрейн, Гаити, Нигерия, Египет, Пакистан, Кытай, Гвинея-Бисау, Того, Ливия, Сирия жана Йемен орун алды. Эске салсак, аталган изилдөөнү австриялык "Democracy Ranking" уюму жүргүзүп келет.