ӨКМ: "Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат"

23-25-декабрь аралыгында тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардан аталган жолдордо унаалар арасында 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан