Казакстанда болгон катуу шамалдан улам иштен чыккан Таластагы 2 подстанция бүгүн оңдолуп бүтөт

Талас облусунда иштен чыккан 2 подстанция бүгүн иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Улуттук электр станциясы билдирди. Эске салсак, 23-декабрда саат 16:53 чамасында Казакстанда болгон катуу шамалдан улам ВЛ-220 кВ линиясы үзгүлтүккө учураган. Натыйжада аталган линия кыргызстандык  ВЛ-110 кВ Южная-Кировка линиясына да таасирин тийгизип, "Манас" жана "Покровка" подстанцияларынын иши үзгүлтүккө учураган. Учурда таластык энергетиктер казак тарап менен биргеликте оңдоп-түзөө иштерин жасашууда. Иштөөдөн чыккан 2 подстанция бүгүн, 24-декабрда болжол менен 13:00дө иштеп баштайт деп убада кылышты энергетиктер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан