Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган өлкөнүн башкы балатасы кайра ордуна келтирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты. Мэриядан маалым болгондой, балаты ишемби күнү ордуна келтирилип, кечээ, 23-декабрда гирлянддар, оюнчуктар тагылып бүттү. Эске салсак, 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү өлкөнүн башкы балатысы катуу шамалдан улам кулап түшкөн.