Ош шаардык мэрия тарабынан Ош шаарында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 170 тонна көмүр бекер таратылды. Аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, көмүр эл аралык уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен сатылып алынган. Ошондой эле Ош шаардык мэриясы Ош шаарындагы бардык мектептер, ооруканалар жана башка социалдык мекемелер кышка 100% көмүр менен камсыз болгонун кошумчалады.