Бүгүн, 24-декабрда Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбеков 7-апрель окуясы боюнча сот отурумун жактоочулар Малахова жана Азарованын келбегенинен улам 27-декабрга жылдырды. Соттун бүгүнкү отурумунда Коопсуздук кызматынын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов сурак бермек. Ал эми буга чейинки соттун жыйынында Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев сурак берген.