Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагыча коррупция менен күрөштү аягына чыгарууга убада берди
"Менин президенттик мөөнөтүм аяктаганча Кыргызстанда бөлөкчө абал болот". Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, азыркы бийликтин тушунда гана коррупция менен күрөшүүнүн биринчи кадамы башталды. "Биз коррупцияга каршы күрөшүүнү аягына чыгарабыз. Бул жаатта биздегидей аракеттер айрым мамлекеттерде али баштала элек",- деди ал.