Алмазбек Атамбаев: "Кыргызгаз" Орусиянын колунда болгондо, азыркыдай кор болбойт элек"

"Кыргызгазды" 1 долларга сатмак турсун, керек болсо үстүнө акча кошуп берсек да болот". Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, "Кыргызгазды" Орусиянын карамагына өткөрүп берүү менен Кыргызстандагы газ көйгөйү чечилет. "Кыргызгазды" Орусияга берүүдөн жаман нерсе издебешибиз керек, анткени бизге газ керек. "Мен билем" деп отуруп алганда эмне пайда? Кыргызстан 20 жылдан бери газдан жыргап кеткен жок. Эгер "Кыргызгаз" буга чейин эле Орусиянын колунда болгондо, азыркыдай кор болбойт болчубуз. Мисалы, Грузиянын энерготармагынын көбү Орусиянын колунда, бирок Грузияда жарык өчпөйт, газ үзүлбөйт. Менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө чечилбей келе жаткан бул маселе чечилет же чечүүнүн жолун көрсөтүп кетем",- деди президент.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан