Алмазбек Атамбаев ага карата "орусиячыл болуп кетти" деген кептер чыгып жатканын айтты

"Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен алакада болуп, бирок эгемен мамлекет катары калышы зарыл". Мындай пикирди бүгүн, 24-декабрда Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн көп өлкөлөр жана коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болушу керек. "Ооба, мага "орусиячыл болуп кетти, ошол багытты гана көздөп жатат" деген сындар айтылууда. Биз Орусия же Казакстан менен сүйлөшүү жүргүзүшүбүз абзел, анткени алар биздин коңшуларыбыз. Анан "Кыргызстан бара-бара автономиялуу облус болуп, Орусиянын карамагына кошулуп кетет экен" деген туура эмес. Кыргызстан өзүнчө мамлекет катары калат",- деди Атамбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан