КРын Президенти Алмазбек Атамбаев: "Кыргыздын душманы - кыргыз"

"Кыргыздын душманы - кыргыз",- деди Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда. Белгилей кетсек, маалымат жыйынында президентке кайсы бир гезит аны улут маселеси боюнча айыптап жазганы тууралуу суроо берилип, ажо буга төмөндөгүдөй жооп узатты. "Манастын апасы менен аялы башка улуттан болушкан. Кыргыздын арасында ынтымакты бузгусу келген адамдар бар. Мен айтып коёюн, кыргыздын душманы - кыргыз. Манастын түбүнө, Каганаттын түбүнө жеткен кыргыздар болгон. Ошол мени сындап, "Бакиевдердин катачылыгын кайталап жатат" деген гезит убагында Жаныш Бакиевди "Жылдын адамы" деп атап, сыйлык берген. Мындай терс көрүнүштөн арылышыбыз керек",- деди Атамбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан