Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэрин алмаштыруу зарыл деп эсептебейт
"Бишкектин мэрин алмаштыруу менен шаардагы көйгөйлөр чечилип калбайт". Мындай пикирди Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, көйгөйлөрдү шаар башчысын алмаштыруу жолу менен эмес, системдүү өзгөртүүлөрдү жасоо менен чечүү керек. "Иса Өмүркуловду иштен алып, ордуна Суваналиевди же Мотуевди алып келип койсо эле баары оңолуп кетпейт. Мен Өмүркуловду чакырып алып сүйлөштүм, көчөлөрдөгү абалды айттым. Бирок эске алыш керек, шаарды тазалоого техника жетишпейт. Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө деле биздегидей кырдаал орун алып жатат",- деди президент.