Алмазбек Атамбаев "депутаттардын саны 60 болсо, аларды сатып алуу коркунучу туулат" дейт
"Депутаттардын санын 120 эмес, 60ка кыскартса, аларды сатып алууга шарт түзүлөт". Бул пикирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутаттардын саны 120 бойдон калганы туура. "Кыскартууга мүмкүн болбогон нерселер бар. Депутаттардын санын кыскартуу туура эмес. Мисалы, өкмөт башчыны шайлоо учурунда депутаттарды акчага сатып алуу аракеттери болду. Айрым депутаттар сатылды. Эгер 60 депутат болсо, баарын сатып алууга мүмкүн, ал эми 120 депутатты сатып ала албайт",- деди Атамбаев.