"СССР кайра түзүлөт" деген - болбогон кеп" деди Алмазбек Атамбаев

"СССРдин кыйрашына өкүнбөгөн кыргыз жок, бирок аны азыр кайра түзүү мүмкүн эмес". Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан экономикасын өнүктүрүү үчүн Бажы биримдигине кирүүсү керек. "Азыркы дүйнөлүк кырдаалды эске алганда, бизге Бажы биримдигинен башка жол жок. Мына, чек араны жаап койсо, сүтүбүздү сата албай калып жатабыз. Бажы биримдигине кирип, Казакстан, Орусия менен базарыбыз чогуу болсок, биз утулбайбыз. Бул мигранттарга жардам болот",- деди президент. Айта кетсек, президент мындай пикирди "Бажы биримдиги аркылуу өлкөлөр биригип, СССРди кайра түзүү аракети көрүлүүдөбү?" деген суроого жооп катары айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан