КРнын Президенти: "Кыргыз тилин билбегендерди ишке албайбыз десек, көптөгөн кадрларыбыздан айрылабыз"

"Азыркы учурда кыргыз тилин билбегендерди ишке албайбыз десек, анда көптөгөн акыркы кадрларыбыздан айрылабыз". Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, тилди зордоп үйрөтүүнүн ордуна шарт түзүп бериш керек. "Кыргыз тили үчүн жанымды берем деген айрым депутаттар популисттик маанайды карманып алышты. Тилди үйрөнүүгө шарт түзүп берип, кандайдыр бир убакыт бериш керек. Мисалы, бул жылдан баштап кызматка кыргыз тилин билбегендер кабыл алынбайт деп. Азыр анткенге эрте. Мына, азыр КРнын Каржы министри - Ольга Лаврова. Бизге мыкты Каржы министри керекпи же филолог керекпи? Кайсы бир окуу жайдын медицина факультетинде 1 гана илимдин кандидаты бар экен, бизге доктур керекпи же филологбу?"- деди Атамбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан